Чек арадан башка бирөөнүн документтери менен өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Манас" эл аралык аэропорту. Архив
Манас эл аралык аэропорту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин эки адам тең укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Чек арадан башка бирөөнүн документи менен өтүүгө аракет кылган эки кыргызстандык жаран кармалганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Сигарет. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадан тамекиге ороп баңгизат алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында кыргыз-казак чек арасынын Чалдыбар-автодорожный өткөрүү пунктунан 15 жаштагы өспүрүм бөлөк бирөөнүн туулгандыгы тууралуу күбөлүгү менен Казакстанга өтүп бара жаткан жеринен кармалган.

Мындан тышкары, "Манас" эл аралык аэропортунан "Бишкек-Стамбул" каттамын текшерүү учурунда башка бирөөгө тиешелүү паспорт менен өтүүгө аракет кылган 46 жаштагы аял кармалган.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин эки адам тең укук коргоо органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0