Кыргызстанда 5 баллдык жер титиреди

© flickr.com / Matt KatzenbergerСейсмограф аппараты. Архив
Сейсмограф аппараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жердин силкинүүсү Таш-Көмүр шаарында 5 балл сезилген. Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кызыл-Жар айылынан сегиз чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 22-сентябрында Кыргызстандын түштүк аймагында саат 23.43тө очогунда 5 баллга жеткен жер титирөө катталганын ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кызыл-Жар айылынан сегиз чакырым түндүк-батышты, Таш-Көмүр шаарынан 25 чакырым түштүк-батышты карай жайгашкан.

Жердин силкинүүсү Таш-Көмүр шаарында 5 балл, Кызыл-Жар айылында 4 балл, Майлуу-Суу, Кербен шаарларында 3 балл сезилген. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жок.

Эмне үчүн жер титирөөлөр болот экенин Spunik инфографикасында көрүңүздөр>> 

Жаңылыктар түрмөгү
0