01:05 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Тез жардам автоунаасы. Архив

Ошто жол кырсыгынан беш киши менен үч айлык ымыркай каза болду

© Sputnik / Максим Блинов
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
191 0 0

Кырсыкка кабылган 11 кишинин үчөө окуя болгон жерде мерт кеткен. Дагы үч жүргүнчү ооруканадан көз жумду.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Оштун Өзгөн районундагы Мырзаке айылында жол кырсыгынан алты адам, анын ичинде үч айлык ымыркай каза болгонун ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 21-сентябрда эртең мененки саат 10.00дө Өзгөн — Кара-Кулжа унаа жолунун болжол менен 17-чакырымында "Мерседес-Бенц" жана "Хонда Степ" үлгүсүндөгү унаалар кагышкан. Анын кесепетинен ошол эле жерден эки унаадагы 11 кишинин үчөө унаага кыпчылып каза болгон. 

Кырсыктан жабыркаган сегиз киши тез жардам менен Өзгөн райондук ооруканага жеткирилген. Ал жерден үч жүргүнчү, анын ичинде үч айлык ымыркай алган жаракаттарынан улам каза болушкан.

Тема боюнча

Айланып өтмө жолдогу кырсык: Фольксваген менен Тойота унаалары кагышты
Бишкек — Торугарт унаа жолундагы кырсыктан жети адам каза болду
Белгилер:
ымыркай, оорукана, унаа, жол кырсыгы, Кара-Кулжа, Өзгөн
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ