09:57 12 Бештин айы 2017
Түз эфир
Ала-Тоо эс алуу борборунда өтүп жаткан беттешүүдө отургучтар менен сактанып аткан адамдар.

Монсон менен Сыргабаевдин беттешине кире албай, чуу салган 38 адам кармалды

© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
Монсон менен Сыргабаевдин Бишкектеги беттеши (7)
49 0 0

Кармалгандардын төртөөнө бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Ал эми калган 34 адамга карата административдик протокол түзүлдү.

БИШКЕК, 21-сен. – Sputnik. Замирбек Сыргабаев менен америкалык Жефф Монсондун беттешүүсүнө кире албай, имаратты ташка алган 38 адам кармалып, анын төртөөнө кылмыш иши козголгонун Бишкек ШИИБ билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 19-сентябрында "Ала-Тоо" эс алуу борборунда өтүп жаткан беттешүүгө орундун жана билеттин жоктугунан сыртта калгандар курчоодон өтүүгө аракет кылышкан. Андан соң имаратты ташка алып, борбордун ээсин материалдык чыгымга учураткан.

Бул факт боюнча 38 адам кармалып, Октябрь РИИБ алып келинген. Текшерүү учурунда төрт адамга бейбаштык беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Калганына карата административдик протокол түзүлүп, Бишкек ШИИБнын бөлүштүрүүчү жайына жеткирилген. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тема:
Монсон менен Сыргабаевдин Бишкектеги беттеши (7)

Тема боюнча

Чемпион Замирбек Сыргабаев: уктап, эс алып алгандан кийин, түлөө өткөрөбүз
Белгилер:
милиция, беттешүү, Бишкек, Ала-Тоо
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ