"Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилигине кылмыш иши козголду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызтелеком ишканасынын имараты. Архив
Кыргызтелеком ишканасынын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, 2012-жылы "Кыргызтелеком" ишканасынын жооптуу кызматкерлери №178 бала бакча имаратын "Алтын-Башат" мекемесине ижарага берген. Бирок ушу кезге чейин аталган мекеме ижара акысын төлөбөй келген.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Мамлекетке эки миллионго жакын зыян келтиргени үчүн  "Кыргызтелеком" ишканасынын жетекчилигине карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы бидирди.

Акча. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: "Кыргызтелеком" жасалма келишимдерди түзгөн
Маалыматка ылайык, 2012-жылы "Кыргызтелеком" ишканасынын жооптуу кызматкерлери №178 бала бакча имаратын "Алтын-Башат" мекемесине ижарага берген. Бирок ушу кезге чейин аталган мекеме ижара акысын төлөбөй келген. Мунун кесепетинен мамлекетке 1 миллион 872 миң сом зыян келтирилген.

Үстүбүздөгү жылдын 16-сентябрында аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан ишкана жетекчилигине карата Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан пайдалануу беренесинин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0