21:52 10 Теке 2020
Түз эфир
  • USD77.8000
  • EUR87.8362
  • RUB1.0922
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
338 0 0

Эсин жоготкон кызды алысыраак жерге сүйрөп барып, 51 килограммдык таш менен эки жолу койгон. Кызды өлдү деген ой менен сумкасынан телефонун жана 20 миң сом өлчөмүндөгү акчасын алып кеткен.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Кызды күч колдонуу менен зордуктап, ур-тепкиге алып ошол жерге таштап кеткен 20 жаштагы Абдумуталиб Мамажанов 25 жылга эркинен ажыратылганын Жогорку сот билдирди.

Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 28-майында Мамажанов тааныш кызы менен буга чейин сүйлөшүлгөн боюнча "Ата-Түрк" паркынан жолугуп, эл жок жерден күч колдонуп зордуктаган. Эсин жоготкон кызды алысыраак жерге сүйрөп барып, 51 килограммдык таш менен эки жолу койгон. Кызды өлдү деген ой менен сумкасынан телефонун жана 20 миң сом өлчөмүндөгү акчасын алып кеткен.

Бир нече убакыттан кийин кыз эсине келип, жардамга чакыра баштайт. Паркта эс алып жүргөндөр кызды көрүп, тез жардам чакырышкан.

Дарыгерлер кыз ооруканага жеткирип, анын мээсине доо кетип, баш жана бет сөөктөрү сынганы, ички органдарынын жабыр тартканы аныкталган. 

Бишкектин Октябрь райондук соту Кылмыш жаза кодексинин негизинде кылмыш жасоого аракет кылуу, киши өлтүрүү, зордуктоо, каракчылык беренелеринин негизинде Абдумуталиб Мамажановду мүлкүн конфискациялоо менен 25 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алды. 

Ага ылайык, Мамажанов жазасын күчөтүлгөн тартиптеги колонияда өтөйт.

Тема боюнча

Жарандык никедеги аялын мыкаачылык менен өлтүргөн киши кармалды
Ат-Башы районунун 27 жаштагы тургуну өз атасын мыкаачылык менен сабап өлтүрдү
Белгилер:
оорукана, сот, түрмө, уруу, зордуктоо, Бишкек

ЭҢ МААНИЛҮҮ