Түптө бир үй-бүлөнү мыкаачылык менен балталап кеткен 17 жаштагы эки бала кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адамадар. Архив
Кол кишенчен адамадар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери аялдын үйдөн каза болгонун аныкташкан. Ал эми үй ээси ооруканага бара жаткан жолдо эсине келбей көз жумган. Мыкаачылар экөөнү тең башка бир нече ирет балта менен чапкан.

БИШКЕК, 17-сен. – Sputnik. Бишкекте үй-бүлөнүн ээси менен анын жубайын мыкаачылык менен өлтүрүп кеткен 17 жаштагы эки бала кармалганын ИИМ билдирди.

Өгөй кызын отко салган ата сөрөй аны сабап өлтүргөн
Маалыматка ылайык, аталган кылмышкерлер 14-сентябрга караган түнү Ысык-Көлдүн Түп айылында жашаган 64 жаштагы Андарбек Байбоковдун үйүнө кирип барып, аны 62 жаштагы жубайы Жумагүл Жороева менен кошо аёосуз ур-тепкиге алып, колуна тийген баалуу буюмдарды жана короодо турган "Ауди А6" унаасын айдап кетишкен.

Бул тууралуу милицияга эртеси коңшулары кабарлаган. Окуя болгон жерге келген укук коргоо органдарынын кызматкерлери аялдын үйдөн каза болгонун аныкташкан. Ал эми үй ээси ооруканага бара жаткан жолдо эсине келбей жатып көз жумган. Мыкаачылар экөөнү тең башка бир нече ирет балта менен чапкан. 

Аталган окуя боюнча кылмыш иши козголуп, шектүү адамдар Бишкекке карай жол алгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Иликтөө иштеринин натыйжасында кылмышкерлер Ош базарынын жанындагы Интьергельпо көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде экени аныкталган. 

Кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ичип алып, энесин өлтүрдү деген бала эң кенжеси экен
16-сентябрь колго түшүрүлгөн 17 жаштагы эки баланын жанынан өлгөн адамдардын буюмдары — уюлдук телефондор, зер жасалгалар, төлөм карталары, документтери табылган. Айдай качкан унаа Каракол шаарындагы автобекеттин жанында экени белгилүү болгон.

Иликтөө учурунда кармалган жарандар аталган кылмышты толук моюндарына алышкан. Бирөөсү мал уурдоо боюнча шектелип, издөөдө жүргөнү анык болду. Бишкекте жашырынып, буга чейин "Туңгуч" кичи районунда унаа жууган жайда иштеп келген. 

Учурда тергөө иштери улантылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0