19:52 17 Кулжа 2019
Түз эфир
  • USD69.8305
  • EUR78.3044
  • RUB1.0857
Диплом жасоо жарыясы. Архив

Жергиликтүү аймак башкармалыгын жетектеген жарандын диплому жасалма болуп чыкты

© Sputnik / Владимир Астапкович
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
7301

Кызматка киришүү алдында Бишкек мэриясынын кадрлар кызматынын талабы менен анын Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетти аяктагандыгы тууралуу диплому текшерилген. Диплом нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн.

БИШКЕК, 11-сен. — Sputnik. Свердлов районунун 19-жергиликтүү территориалдык башкармалыгынын (МТБ) жетекчисинин орун басары жасалма диплом менен иштеп келгенин райондук прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жаран 2013-жылдан тартып 2015-жылдын июль айына чейин жетекчинин орун басары болуп келген. Андан кийин 6-июлдан тарта ошол эле райондун №20-МТБ жетекчисинин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 

Кызматка киришүү алдында Бишкек мэриясынын кадрлар кызматынын талабы менен анын Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетин аяктагандыгы тууралуу диплому текшерилген. Диплом нотариус тарабынан күбөлөндүрүлгөн.

Текшерүү учурунда аталган окуу жайдан документте көрсөтүлгөн сериялык номер менен эч кандай диплом берилбегенди аныкталган.

Учурда бул факт боюнча мурунку жетекчиге карата кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана документ жасалмалоо беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Тема боюнча

Бөлүнгөн акчаны өзүнө ыйгарып, жасалма финансылык отчет берген кылмыштын бети ачылды
Башкы салыкчынын "жардамчысы" жасалма документ жана курал-жарак менен кармалды
Белгилер:
кылмыш иши, жетекчи, башкармалык, Документтер, диплом, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары

ЭҢ МААНИЛҮҮ