05:49 08 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Руководитель аппарата президента Кыргызстана Данияр Нарымбаев.

Нарымбаев менен Коркмазовдун кылмыш иши сотко жиберилди

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши (30)
8010

Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен ЖК депутаты Хаджимурат Коркмазовдун кылмыш иши тергелип бүттү.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча айыпталып жаткан президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев менен ЖК депутаты Хаджимурат Коркмазовдун кылмыш иши тергелип бүттү. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, эки аткаминердин иши Биринчи май райондук сотуна жиберилди.

Буга чейин Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин депутаты Хаджимурат Коркмазовго Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция", "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "Опузалап пара талап кылуу" беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон. Маалыматка ылайык, ал 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Президенттин аппаратынын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев 22-июлда коррупцияга шектелип Башкы прокуратура тарабынан кармалган.

Тергөө учурунда аныкталгандай, Коркмазов президенттик аппараттын жетекчиси Нарымбаев менен сүйлөшүп алып, экс-депутат Нариман Түлеевдин жакындарынан кылмыш ишин оң жагына чечип берем деп 200 миң доллар талап кылган.

Ошондой эле, 2015-жылдын 7-майында Нарымбаев Коркмазов аркылуу Түлеевдин кызынан 50 миң АКШ долларын алганы аныкталганы Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө айтылат. 

Нарымбаев бул каражатты Түлеевдин камакка алынган мүлкү боюнча ишти оң жагына чечип берүүгө жардам берем деп алган.

Сурак учурунда Коркмазов Түлеевдин кызынан 7-майда параны Нарымбаевдин жеке көрсөтмөсү боюнча алганын жана ошол эле күнү каражатты ага бергенин айткан.

Тема:
КР президентинин аппаратынын жетекчиси Данияр Нарымбаевге козголгон кылмыш иши (30)

Тема боюнча

Жогорку сот Данияр Нарымбаевди камакта калтырды
Белгилер:
кылмыш иши, Башкы прокуратура, Хажимурат Коркмазов, Данияр Нарымбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ