Зордуктоого шектелип 49 жаштагы жаран кармалды

© Sputnik / Вадим Жернов / Медиабанкка өтүүКол кишенчен адам. Архив
Кол кишенчен адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жабырлануучунун арызына ылайык, 40-45 жаштар азиялык улуттагы белгисиз адам аны күч колдонуу менен сексуалдык катнашка мажбурлаган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Бишкектин Бах көчөсү менен Түштүк магистралынын кесилишинде шаардын 23 жаштагы кызды зордуктоо фактысы катталганын Бишкек ШИИБ билдирди.

Кичине кыздарды зордуктоого байланышкан иш боюнча комиссиялык сотмедэкспертиза дайындалды - Sputnik Кыргызстан
Кичине кыздарды зордуктоого байланышкан иш боюнча комиссиялык сотмедэкспертиза дайындалды
Маалыматка ылайык, жабырлануучу милицияга өзү арыз менен кайрылган. Анда 40-45 жаштар азиялык улуттагы белгисиз адам күч колдонуу менен сексуалдык катнашка мажбурлаганы айтылат. 

Текшерүү иштеринин натыйжасында милиция кызматкерлери кылмышка шектүү катары Ысык-Көл облусунун 49 жаштагы  жашоочусун кармашкан.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0