УКМК: өкмөттүн Ысык-Көлдөгү өкүлүнө мыйзамсыз айлык акы төлөнүп келген

Жазылуу
УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Коррупцияга каршы кызматы өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн негизги айлыгына кошумча акча төлөнүп келген фактыны аныктап чыкканын УКМК билдирет.

Башкы штабда 2 млн. сомдук авиациялык отундун эсеби чыкпай калды
Маалыматка ылайык, 2013-жылдан тартып 2015-жылдын июль айына чейин өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнө, анын орун басарларына жана башка кызматтагы адамдарга ай сайын негизги маянасына 25 пайыз кошулуп турган. Мындан улам мамлекетке 781 миң сом зыян келтирилген.

Аталган факт боюнча үстүбүздөгү жылдын 4-сентябрында УКМКнын тергөө башкармалыгы тарабынан Кылмыш жаза кодексинин кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана ишенип берилген мүлктү өзүнө ыйгаруу беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0