Ош – Бишкек жолунда унаа оодарылып, 40 тонна мазут төгүлдү

© пресс-служба МЧС КРОш – Бишкек автожолунда 110-чакырымында оодарылган күйүүчү май ташыган унаа жолдо баратып оодарылды.
Ош – Бишкек автожолунда 110-чакырымында оодарылган күйүүчү май ташыган унаа жолдо баратып оодарылды. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматты тактоо жана кырсыктын алдын алуу максатында окуя болгон жерге ӨКМдин Чүй облустук башкармалыгынын Жайыл райондук бөлүмүнүн башчысы Канатбек Чыныбаев жана Жол кайгуул кызматкерлери чыгып кетишти.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Ош – Бишкек автожолунун 110-чакырымында күйүүчү май ташыган унаа жолдо баратып оодарылып кеткенин ӨКМ билдирет.

ӨКМ кызматкери Чычканда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Маматалиев: Чычкан менен Боом капчыгайындагы кырсыктар ӨКМдин кемчиликтерин ачыктады
Маалыматка ылайык, окуя 8-сентябрда саат 14.30 чамасында болуп, анын  кесепетинен унаадагы 40 тонна мазут төгүлүп калган. 

Маалыматты тактоо жана кырсыктын алдын алуу максатында окуя болгон жерге ӨКМнин Чүй облустук башкармалыгынын Жайыл райондук бөлүмүнүн башчысы капитан Канатбек Чыныбаев жана Жол кайгуул кызматкерлери чыгып кетишти.

Министрлик окуя тууралуу кошумча маалымат берилерин айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0