09:46 02 Жалган Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7835
  • EUR102.2065
  • RUB1.1450
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
21 0 0

Коңшу мамлекеттен келе жаткан унаадан 694 даана газ баллон табылган. Текшерүү учурунда айдоочунун жүк ташууга укук берген документтери жок болуп чыккан.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Өзбекстандан Кыргызстанга газ баллондорун ташуучу туруктуу контрабандалык канал аныкталганын УКМКнын Корруцияга каршы кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, коңшу мамлекеттен келе жаткан унаадан 694 даана газ баллону табылган. Жалпы жонунан жүктүн баасы бир миллион 125 миң сомду түзгөн. Текшерүү учурунда айдоочунун жүк ташууга укук берген документтери жок болуп чыккан.

Аталган факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 28-беренесинин (“Кылмыш далалаты”) жана 204-беренсинин (“Контрабанда”) негизинде кылмыш ишин козголду. 

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Тема боюнча

Алайда аймакты мыйзамсыз видеого тартып жүргөн австриялык жаран кармалды
Чек арадан жасалма паспорт менен казак жараны кармалды
Белгилер:
контрабандалык жүк, газ, Кыргызстан, Өзбекстан

ЭҢ МААНИЛҮҮ