УКМК балдар дүкөнүндө коюлган "бомбанын" чоо-жайын билдирди

© Sputnik / Эркин АлымбековМилиция кызматкерлери балдар дүкөнүндөгү бомбаны издөө учурунда.
Милиция кызматкерлери балдар дүкөнүндөгү бомбаны издөө учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Табылган нерсе жок кылынып, калдыктары жардыргыч-техникалык экспертизага жиберилгенин УКМК билдирет.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. "Балдар дүйнөсү" соода борборунун жанындагы таштанды салчу челектен жасалма жардыргыч табылды деп билдирет УКМКнын маалымат кызматы. 

ИИМ: Бишкекте бомбаны издөө аяктады, көчөлөргө коюлган курчоолор алынды
Бишкек ШИИБнын нөөмөт кызматына жума күнү саат 18.40та калаанын бир тургуну телефон чалып, бомба коюлганы туурасында кабарлаган.

Ал Чүй проспектинде жайгашкан "Балдар дүйнөсү" ("Silk Way") соода борборунун жанында таштанды сала турган жерде жардыргычка окшогон шектүү бир буюм жатканын айткан. 

Белгиленген жерге УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлери барышкан. Соода борборун тегерете тосуп, таштанды салынчу челекти текшергенде колго жасалган жасалма жардыргыч табылган.

"Табылган нерсе жок кылынып, калдыктары жардыргыч-техникалык экспертизага жиберилди", — деп айтылат билдирүүдө.

Жалган жардыргычты даярдагандарды табуу боюнча тийиштүү ыкчам аракеттери көрүлдү. 

Мурдараак кабарлангандай, саат 21.00 чамасында "Балдар дүйнөсү" соода борборунун жанынан кандайдыр бир жарылуунун үнү угулган. Милиция кызматкелери ал жерде детонатор иштетилгенин түшүндүрүшкөн. Алар мындай жол менен шектүү буюмдун жарылуу коркунучу бар-жогун текшеришкен экен. 

КРдин УКМК жардырыргычка окшош шектүү нерсе табылган учурда токтоосуз түрдө УКМКнын нөөмөт кызматына, "102" телефону аркылуу милицияга же жакын жердеги милиция кызматкерине кабарлап, жарандарды коопсуз аралыкка чыгаруу (300 метрден кем эмес), объектиге авариялык (өрткө каршы, медициналык, техникалык ж.б.) кызматтарды чакыруу керектигин эске салат.

Жаңылыктар түрмөгү
0