"Ата-Мекендин" лидеринин кеңсесине ууру кирип, партиянын баннерлери Бишкектен алынды

© Фото / Пресс-служба ЖК КРӨмурбек Текебаев. Архив
Өмурбек Текебаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ата-Мекенден" кеңсеге кирген уурулук менен үгүт баннерлеринин алынышы "бир жиптин учугу менен кетип жатат" деп эсептешерин билдиришти.

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Ишембиге оогон түнү Бишкектин Токтогул көчөсүндө жайгашкан "Ата-Мекен" партиясынын башкы штабына ууру кирген. Бул туурасында партиянын PR бөлүмүнүн жетекчиси Кайыргүл Урумканова билдирди.

"Ата-Мекен" 14 партиянын катарында 4-октябрда боло турган парламенттик шайлоого аттанган. 

© Кайыргуль Урумканова Ограбленный офис лидера партии "Ата Мекен" Текебаева
Ограбленный офис лидера партии Ата Мекен Текебаева - Sputnik Кыргызстан
Ограбленный офис лидера партии "Ата Мекен" Текебаева

"Кеңсенин бардык эшиктери талкаланып калганын эртең менен көрдүк. Бухгалтерия менне сейф да ачылган. Анда көп суммадагы акча бар эле. Башкысы, партиянын бардык каржылык документтери жоголду", — деди Урумканова. 

Ал жума күнү Бишкекте "мэрдин жеке буйругу менен"Ата-Мекендин" бардык үгүт баннерлери алып салынганын" кошумчалады. 

"Жума күнү Бишкек шаары боюнча 56 баннерди чечип салышты. Биз "Тазалык" менен келишимди 24-августта түзгөнбүз. Баннерлерди 4-сентябрда эртең менен илгенбиз, бирок аларды кайра дароо чечип, жок кылып салышыптыр. Биздин өкүлдөр мэрдин кабыл алуусунда болуп, аталган маселени тактап келишти. Мэр мындай көрсөтмөнү өзү бергендигин тастыктады", — деди Урумканова. 

Здание Белого дома Кыргызстана. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Парламенттик шайлоо эки депутаттын мушташына себепкер болду
Урумканованын айтымында, мэр аларга баннерлерди илүү боюнча келишимди муниципалдык "Тазалык" уюму менен эмес, мэриянын өзү менен түзмө-түз түзүшү керектигин айткан. 

Урумканова кеңсеге кирген уурулук менен үгүт баннерлеринин алынышы "бир жиптин учугу менен кетип жатат" деген пикирин айтты.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов бул маселе боюнча билдирүү даярдалып жаткандыгын, ал жакын арада таратыларын Sputnik маалымат агенттигине өзү кабарлады. 

Жаңылыктар түрмөгү
0