Бишкекте 70 автоунааны тоноду деп шектелгендер милициянын колуна түштү

Жазылуу
Уурулар 4-сентябрга оогон түнү кылмыш жасап жаткан жеринен колго түшкөн. Алардын эң кичүүсү 20 жашта экени аныкталган.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери Бишкекте автоунаа уурдап жүргөн деп шектелгендердин тобун кармады. Бул туурасында Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы билдирди. 

 Буга чейин аталган башкармалыктын кызматкерлери тарабынан, шаарда үч кишиден турган топ автоунаалардын айнегин чагып, ичиндеги баалуу буюмдарды уурдап кетип жатканын аныктаган. Мындай окуялар Бишкек шаарында былтыркы жылдын декабрынан тарта көп кайталана баштаган. 

 "Уурулар 4-сентябрга оогон түнү кылмыш жасап жаткан жеринде колго түштү. Аларды тинте келгенде жанынан бир топ далилдүү буюмдар чыккан ", — деп билдирди маалымат кызматынан. 

Алардын эң кичүүсү 20 жашта экендиги аныкталган. Кармалган үчөө тең буга чейин түрмөгө отуруп чыккандыгы дайын болду. 

Колго түшкөндөр буга чейин Бишкек шаарында 66 автоунааны талап-тоногонун моюндарына алышты. 

Учурда алар көрсөтмө берип жатышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0