Милиция Бишкектеги балдар дүкөнүнөн бомба издеп жатат

© Sputnik / Эркин АлымбековБорбор калаадагы Чүй – Гоголь көчөлөрүнүн аймагындагы "Балдар дүйнөсү" дүкөнүнүн имаратынын алдын милиция кызматкерлери менен курчоо.
Борбор калаадагы Чүй – Гоголь көчөлөрүнүн аймагындагы Балдар дүйнөсү дүкөнүнүн имаратынын алдын милиция кызматкерлери менен курчоо. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй – Гоголь көчөлөрүнүн аймагы учурда коопсуздук максатында курчоого алынды.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Чүй – Гоголь көчөлөрүнүн аймагындагы "Балдар дүйнөсү" дүкөнүнүн имаратына бомба коюлду деген маалымат кечки саат 6:46да келип түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан Sputnik маалымат агенттигине билдиришти.

ИИМдин өкүлүнүн айтымында, учурда орган кызматкерлери саперлердин келишин күтүп жатышат. Чүй – Гоголь көчөлөрүнүн аймагы учурда курчоого алынганын ал кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0