Чоң Чүй каналынан белгисиз адамдын сөөгү табылды

© Sputnik / Табылды КадырбековЧоң Чүй каналындагы көпүрө. Архив
Чоң Чүй каналындагы көпүрө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар жансыз денени суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда өлгөн адамдын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Аламүдүн районунун Лебединовка жана Восток айылдарынын ортосундагы Чоң Чүй каналынан белгисиз эркек кишинин сөөгү табылганын ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, табылган адам болжол менен 35-40 жаш куракта. 

Куткаруучулар жансыз денени суудан алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Учурда өлгөн адамдын аты-жөнүн тактоо иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0