ӨКМ менен ММКФнун сайттары хакерлердин чабуулуна туш болду

© Sputnik / Жоомарт УраимовМилдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтына кылынган чабуу. Архив
Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун сайтына кылынган чабуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги техникалык бузулуулардан улам сайт убактылуу mes.gov.kg/ku. дарегине жайгаштырылганын маалымдады.

БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Милдеттүү медициналык камсыздандыруу жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин расмий сайттары хакерлердин чабуулуна туш болду.

ИИМ башчысы Мелис Турганбаев Минскте. - Sputnik Кыргызстан
Турганбаев КМШ өлкөлөрүн кибер кылмыштуулук менен күрөшүүгө чакырды
foms.kg дареги боюнча фонддун браузерин ачууда экранда Наруто каарманынын анимеси жана "Hacked by Abdellah Elmaghribi. Freedom For Palestine & All |Muslims" деген жазуу чыгууда.

mes.kg расмий дарегинде жайгашкан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сайты иштен чыгып, "Hacked by Abdellah Elmaghribi. All tnx to My love & L3chran!" деген жазуу пайда болууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги техникалык бузулуулардан улам сайт убактылуу mes.gov.kg/ku. дарегине жайгаштырылганын маалымдады.

Жаңылыктар түрмөгү
0