Ошто кичинекей кыздарды мыйзамсыз диний окууга сугарган аял кармалды

© AFP / MOHAMMED HUWAISХиджабчан кыздар. Архив
Хиджабчан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Текшерүү учурунда анын үйүндө 2 жаштан 13 жашка чейин кыздар бар экени аныкталган. Бул кыздардын дээрлик бардыгынын ата-энеси Россияга иштегени кетишкен.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Ош шаарында кичинекей жана жашы жете элек балдарга шектүү диний эрежелерди окуткан факт аныкталганын ИИМ министрлигинин 10-башкармалыгынын жетекчи орун басары Раим Салимов билдирди.

Медреселерди ИИМ менен УКМК текшерет
Анын айтымында, иликтөө иштеринин натыйжасында Ош шаарынын тургуну өз үйүндө республиканын ар аймагынан келген кичинекей жана жашы жете элек балдар үчүн мыйзамсыз диний багытта окутуу уюштуруп келген. 

Текшерүү учурунда анын үйүнөн 2 жаштан 13 жашка чейин кыздар бар экени аныкталган. Бул кыздардын дээрлик бардыгынын ата-энеси Россияга иштегени кетишкен. 

Мындан тышкары, үйдөн шектүү диний адабият табылган. Алар теологиялык экспертизага жөнөтүлдү. Кыздарды мыйзамсыз окуткан аялдын жолдошу өз үйүндө мыйзамсыз диний окуу үчүн бардык шарттарды түзүп, ага бардык жагынан колдоо көрсөткөн жаран экени аныкталган. 

Учурда аталган факт боюнча текшерүү улантылып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0