ИИМ пенсионеринин мончосунан бир килограмм героин табылды

© Sputnik / Олег Золото / Медиабанкка өтүүГероин. Архив
Героин. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку милиционер баңгизаттарды жүк ташуучу унаа жана микроавтобустар аркылуу Казакстанга жөнөтүп турган. Негизги кардарлары Казакстандын жарандары болгон.

БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. Кыргызстандын ИИМ казакстандык пенсионери героин менен кармалганын Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат билдирет.

Маалыматка ылайык, мекеме кызматкерлери Казакстанга товар жөнөтүү менен алектенген пенсионерге узак убакыт бою көзөмөл жүргүзүп келишкен. 

Жалал-Абад облусунун үч тургуну 2 кг. героин менен кармалды
Мурунку милиционер баңгизаттарды жүк ташуучу унаа жана микроавтобустар аркылуу Казакстанга жөнөтүп турган. Негизги кардарлары Казакстандын жарандары болгон, баңгизатты сатуу жолго коюлуп, Россия жана КМШ мамлекеттерине баңгизаттарды жеткирүү боюнча туруктуу багыттар уюшулган.

Текшерүү учурунда майор наамын алып жүргөн пенсионердин мончосунун чатырынан 986 грамм таза салмактагы героин жана үйүндөгү дивандын алдынан эч кандай документтери жок мылтык табылган. 

Учурда шектелген адам камакка алынды. Кылмыш иши козголуп, баңгизат менен алектенген топко тиешеси бар адамдар такталууда.

Үстүбүздөгү жылы Баңгизаттарды көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик кызмат тарабынан баңгизатка байланышкан коррупциянын алты фактысы катталган. Ага Кыргызстандын бийлик жана укук коргоо органдарынын жети өкүлүнүн тиешеси бар экени аныкталган. Жалпы жонунан аталган жарандардан 32 килограмм героин жана 26 килограммдан ашуун анаша алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0