Казакстанда сегиз жыл баласы менен кулчулукта жүргөн аял куткарылды

Жазылуу
Казакстанга сатылып кеткен кыргызстандык аялды сегиз жыл бою ээн талаада кой кайтартышкан. Анын колундагы наристеси бүгүн сегизге чыгып, мектепке да барбай калган.

БИШКЕК, 28-авг. — Sputnik. Сегиз жыл мурун Казакстанга кулчулукка сатылып кеткен кыргызстандык аял качып чыгып, КР Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен байланышканын аталган мекеме билдирди.

Чынжыр менен капталган эшик. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда 8 жылдык кулчулуктан качып чыккан аялдын аты-жөнү такталды
Маалыматка ылайык, министрликтин ыкчам нөөмөтчүсүнө бир аял телефон чалып, сүйлөшө албай телефонун өчүрүп койгон. Ага кайдыгер карабаган нөөмөтчү кайра-кайра телефон чалып отуруп, ал аял менен байланышкан.

Аялдын айтымында, мындан сегиз жыл мурун Казакстанга кулчулукка сатылып, эч ким барбаган ээн талаада кой кайтарып жүргөн. Жакында качып чыгып, Алматыга жакын жерден телефон таап, Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен байланышууга аракет кылган. 

"Нөөмөтчүнүн жасаган айла-аракети менен аялдын ким экени такталып, ал Оштун Ноокен районунан мындан сегиз жыл мурда чыгып кеткен бойдон дайынсыз жүргөндүгү белгилүү болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

ӨКМ кызматкери аялды ИИМ жана ТИМ кызматкерлери менен байланыштырган. 

"Учурда аны Кыргызстанга алып келүү аракеттери көрүлүүдө. Аялдын аты-жөнү коопсуздук үчүн азырынча аталбайт", — дейт ӨКМ өкүлү.

Мекеме аялдын Казакстанга кошо кеткен колундагы наристеси бүгүн сегизге чыгып, мектепке да барбай калгандыгын белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0