Адашып дайынсыз жоголгон чек арачыны издөөгө 200 адам жана тик учак тартылды

© Фото / Минобороны КРМи-8 МТВ тик учагы. Архив
Ми-8 МТВ тик учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн эртең менен полковник Алимбаевдин жетекчилигинин алдында Генералдык штабдын МИ-8 тик учагы менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагын абадан карап чыгышты. Чек арачы капчыгай, тоо ашууларынан изделип жатат.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Ош облусунда "Карамык" чек ара заставасында нөөмөт өтөп жатып адашып кеткен чек арачыны издөөгө 200гө чукул адам жана МИ-8 тик учагы тартылганын Чек ара кызматы билдирет.

Чек ара байкоочу секи. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жоголуп кеткен чек арачы төрт күндөн бери табылбай келет
Чек арачы 23-август күнү нөөмөт кезегин өтөп жатканда жоголуп кеткен. Калашников автоматын көтөрүп жүргөн чек арачы беш күндөн бери изделүүдө.

Учурда издөө иштерине 100 чек арачы, Чоң-Алай РИИБ 20га жакын кызматкери жана Карамык айылынын 60тай тургуну тартылды. Мындан тышкары, УКМК кызматкерлери да иштөөдө.

Бүгүн эртең менен полковник Алимбаевдин жетекчилигинин алдында Генералдык штабдын МИ-8 тик учагы менен кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аймагын абадан карап чыгышты. Чек арачы капчыгай, тоо ашууларынан изделип жатат.

Мындан тышкары тажик чек арачылары өз аймагында издөө иштерин жүргүзүшүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0