Жоголуп кеткен чек арачы төрт күндөн бери табылбай келет

Жазылуу
Издөө иштери тоолуу аймакта жана аба-ырайынын начар шартында жүргүзүлүүдө

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Нөөмөт учурунда жоголуп кеткен чек арачыны издөө иштери төрт күндөн бери улантылып жатканын Чек ара кызматы билдирет.

Чек арачынын шеврону. Архив - Sputnik Кыргызстан
Адашып дайынсыз кеткен чек арачыны издөө иштери улантылууда
Карамык чек ара заставасынын кызматкери 23-август күнү нөөмөт өтөп жатып адашып кеткен. Жанында Калашников автоматы болгону маалымдалууда. Окуя Ош облусунун Чоң-Алай районунда катталган.

Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, издөө иштерине жергиликтүү тургундар да тартылган. Мындан тышкары тажик чек арачылары өз аймагында издөө иштерин жүргүзүшүүдө. Азырынча жыйынтык жок.

Билдирүүдө Кыргызстандагы издөө иштери 300 чарчы километр тоолуу аймакта начар аба-ырайынын шартында жүргүзүлүп жатканы айтылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0