Дайынсыз жоголгон сегиз бала табылды

© AFP / DANI POZOФонтандын алдында ойногон балдар. Архив
Фонтандын алдында ойногон балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Инспекция коомчулук өкүлдөрү менен бирге социалдык оор абалдагы балдар жашашы мүмкүн болгон соода тармактарын, авто жана темир жол бекеттерин, канализациялык люктар менен жылуулук трассаларды, жер төлөлөрдү текшерип чыкты.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. Дайынсыз жоголду делген сегиз бала табылганын ИИМдин өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы билдирет.

Жашы жете электерге энергетикалык ичимдиктерди сатууга тыюу салынышы мүмкүн
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 19-20-август күндөрү республиканын аймагында "Тилемчи" иш-чарасы өтүп, инспекция коомчулук өкүлдөрү менен бирге социалдык оор абалдагы балдар жашашы мүмкүн болгон соода тармактарын, авто жана темир жол бекеттерин, канализациялык люктар менен жылуулук трассаларды, жер төлөлөрдү текшерип чыкты.

Натыйжада социалдык оор кырдаалга кабылган, кароосуз калган, тилемчилик кылган, чоңдордун көзөмөлүсүз соода кылган 179 бала табылды. Алардын бешөө балдар үйүнө жана интернаттарга, бирөө социалдык борборго, 92 бала ИИМдин атайын борборуна жөнөтүлдү. Мындан тышкары, 10 бала инспекциянын эсебине алынып, 71и ата-энесине кайтарылды.

Иш-чаранын жүрүшүндө жашы жете элек балдардын катышуусунда жасалган 19 кылмыштын бети ачылып, дайынсыз жоголду делген сегиз бала табылды.

Бардык фактылар боюнча маалымдамалар тийиштүү органдарга жөнөтүлүп, ар бир баланын мыйзам бузууларга барганынын себеби аныкталып, алдын алуу иштери жүргүзүлдү. 

Жаңылыктар түрмөгү
0