Тогуз жылдан бери издөөдө жүргөн Кыргызстандын жараны Татарстандан кармалды

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүКишенчен киши. Архив
Кишенчен киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектеги абактан качып кеткен жаран Кыргызстанга өткөрүп берилди.

БИШКЕК, 26-авг. — Sputnik. 2015-жылдын февралында Татарстандын укук коргоо органдары тарабынан кармалган 46 жаштагы Кудратали Манасов Кыргызстандын компетентүү органдарына өткөрүп берилди. Бул тууралуу Татарстандын башкы прокуратурасы билдирет.

Колониядан качып чыккан аял кармалды
Манасов 2006-жылдын январында Бишкек шаарындагы №35 абактан качып кеткен. Ага карата КРдин Кылмыш жаза кодексинин 336-беренеси (Абактан качып кетүү) боюнча кылмыш иши козголуп, издөөгө алынган.

2015-жылдын февралында Татарстандын укук коргоо органдары 46 жаштагы КР жаранын кармаган, текшерүү учурунда анын издөөдө жүргөнү аныкталган.

Казань шаарынын Приволжский райондук прокуратурасы кармалган КРдин жаранын экстрадициялоо боюнча чечимди Россиянын Башкы прокуратурасына жиберген. Анын жыйынтыгында Манасов Кыргызстандын тийиштүү органдарына өткөрүп берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0