Ала-Арча дарыясына 12 жаштагы бала чөгүп кетти

© Sputnik / Первенцев / Медиабанкка өтүүАла-Арча дарыясы. Архив
Ала-Арча дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя үстүбүздөгү жылдын 24-августунда саат болжол менен 15.40та болгон.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Ала-Арча дарыясы менен Чоң Чүй каналынын кошулган жеринде 12 жаштагы Азамат Эсенкул уулу аттуу бала чөгүп кеткенин ӨКМ билдирет.

Окуя үстүбүздөгү жылдын 24-августунда саат болжол менен 15.40та болгон.

Кырсык болгон жерге барган куткаруучулар баланын сөөгүн суудан чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти.

Жаңылыктар түрмөгү
0