Сузакта сел жүрүп, 11 баш уйду суу алып кетти

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүУй жана адам. Архив
Уй жана адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык үстүбүздөгү жылдын 24-августунда Кызыл-Суу жайлоосунун Кызыл-Колот участкасында катталган. Сел агызып кеткен жети уйдун өлүгүн жрегеликтүү малчы Таалай Жылкыев тапкан.

БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облсунун Сузак районундагы Кызыл-Туу айыл аймагында сел жүрүп, 11 баш уйду суу алып кеткенин ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, кырсык үстүбүздөгү жылдын 24-августунда Кызыл-Суу жайлоосунун Кызыл-Колот участкасында катталган. Сел агызып кеткен жети уйдун өлүгүн жрегеликтүү малчы Таалай Жылкыев тапкан.

Бүгүн, 25-августта райондук жарандык коргонуу комиссиясы түзүлүп, окуя болгон жерге барат. Министрлик бул тууралуу кошумча маалымат берилерин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0