Жоголуп кеткен чак арачы изделүүдө

Жазылуу
Чек арачы нөөмөттө тургандыктан, жанында Калашников автоматы болгон.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Аскер кызматкери чек ара нөөмөтүн өтөп жүрүп адашып кеткенин Мамлекеттик чек ара кызматынын өкүлү Гүлмира Бөрүбаева билдирди.

Анын айтымында, Карамык чек ара заставасында жоголуп кеткен чек арачыны издөө иштери жүрүп жатат. Нөөмөттө тургандыктан, анын жанында Калашников автоматы болгон. 

Маалыматка ылайык, чек арачылар кыргыз-тажик чек арасынын бийик тоолуу аймагын көзөмөлдөп жүрүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0