Балык кармаганы чыгып, 35 метр бийиктиктен кулаган жаран аман калды

Жазылуу
Нарын дарыясынан балык кармагыны бара жатып, бийиктиктен кулап түшкөн 54 жаштагы киши буту-колун сындырып алды.

БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Таш-Көмүр шаарынын 54 жаштагы тургуну Нарын дарыясына балык уулаганы бар жатып, 30-35 метр бийиктиктен кулап, буту-колу сынып, чыга албай калган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бул кырсык 22-августта кечки саат 6:25тер чамасында болгон. Окуя болгон жерге Таш-Көмүр шаарынан куткаруучулар барып, жаракат алган жаранды чыгарып, шаардык медицина кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0