Ат-Башы жайлоосунда күйдүргүнүн очогу табылып, карантин жарыяланды

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүКарантин тактачасы. Архив
Карантин тактачасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка ылайык, аталган райондун Сары-Тал жайлоосуна тууганы Камчы Жапаровдун үйүнө мейманга барган Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургуну жана Кара-Суу айылынын үй ээсинин уюн союшкан.

БИШКЕК, 22-авг. — Sputnik. Нарын облусунун Ат-Башы районунда күйдүргүгө (сибир жарасы) шектүү делген эки жаран ооруканага жаткырылганын ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, аталган райондун Сары-Тал жайлоосуна тууганы Камчы Жапаровдун үйүнө мейманга барган Нарын районунун Миң-Булак айылынын тургуну 32 жаштагы Медет Турумбеков жана 37 жаштагы Кара-Суу айылынын тургуну Максат Кадыров үй ээсинин уюн союшкан. 

Лаборатория. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сузактын тургуну күйдүргү оорусуна шектелип ооруканага жаткырылды
Бир жумадан кийин колдору шишип, жара чыккан жашоочулар Нарын облустук бириктирилген ооруканасына күйдүргүгө шектелип жаткырылышкан.

Үстүбүздөгү жылдын 18-августунда Сары-Тал жайлоосундагы уй союлган жерден топурак алынып, Бишкек шаарына карантиндик жана өтө коркунучтуу оорулар борборуна жиберилген. Ошол эле күнү топурак Ат-Башы райондук кара тумоого каршы бөлүмүндө лабораториялык изилдөөдөн өтүп, топурактан сибир жарасынын козгогучу табылган. 

Бүгүнкү күндө Ат-Башы ветеринарлары Сары-Тал жайлоосунда 79 баш уй, 718 баш кой, 31 баш жылкыга алдын ала сибир жарасына каршы эмдөө жүргүзүп, уй союлган жерди зыянсыздандырышкан. Өзгөрүш айылынын ФАП фельдшерлери союлган уй менен түздөн-түз байланышта болгон адамдарга көзөмөл жүргүзүп, алдын ала антибиотикалык дарылоо уюшулду.

Учурда Өзгөрүш айылынын Сары-Тал участкасында карантин уюштурулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0