Бомба коюлду деген шек менен Турусбеков-Киев көчөлөрүнүн кесилиши курчоого алынды

© Sputnik / Эркин АлымбековКиев көчөсүндөгү "Народный" дүкөнү менен жаңы салынып жаткан үйдүн ортосундагы бак-дарактардын арасында табылган кара түстөгү сумка.
Киев көчөсүндөгү Народный дүкөнү менен жаңы салынып жаткан үйдүн ортосундагы бак-дарактардын арасында табылган кара түстөгү сумка. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек ШИИБ маалымат кызматы аталган маалыматты ырастаган да, төгүнгө чыгарган да жок.

БИШКЕК, 21-авг. — Sputnik. Киев көчөсүндөгү "Народный" дүкөнү менен жаңы салынып жаткан үйдүн ортосундагы бак-дарактардын арасында табылган кара түстөгү сумкада бомба катылган деген шек жаралган. Буга байланыштуу аталган аймактын Турусбеков көчөсү менен кесилишкен бөлүгү курчоого алынды.

© Sputnik / Эркин АлымбековВ Бишкеке в районе улиц Турусбекова и Киевская обнаружена подозрительная сумка
В Бишкеке в районе улиц Турусбекова и Киевская обнаружена подозрительная сумка - Sputnik Кыргызстан
В Бишкеке в районе улиц Турусбекова и Киевская обнаружена подозрительная сумка

Маалыматка ылайык, учурда ал имараттарда иштегендер коопсуз жайга чыгарылды. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери, саперлор жана куткаруучулар иштешүүдө.

Бишкек ШИИБ маалымат кызматы аталган маалыматты ырастаган да, төгүнгө чыгарган да жок. ИИМ да эч кандай маалымат бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0