Чычканда үч штаб ачылып, "Тез жардам" кызматтары ар кандай кырдаалга даяр турат

© пресс-служба МЧС КРЧычкан капчыгайындагы өрт. Архив
Чычкан капчыгайындагы өрт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аким өрт Ош — Бишкек жолунан алыс аралыкта, аска-тоолуу аймактарда жүрүп жаткандыгын, трасса менен ары-бери каттагандарга коркунуч жаратпаганын айтты.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Чычкан капчыгайында учурда бир нече штаб иштеп, "Тез жардам" унаалары ар кандай кырдаалга даяр турат. Бул туурасында Токтогул районун акими Майор Сатымкулов Sputnik маалымат агенттигине билдирди.

"Капчыгайда үч штаб ачылып, эки жерде жол кыймылын көзөмөлдөгөн кызматтар күнү-түнү иштеп жатат. Андан сырткары, үч "Тез жардам" автоунаасы фельдшерлер менен турушат. Дары-дармектер жетиштүү", — деди Сатымкулов. 

Ал коопсуздук жаатында жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тоого чыкканда улам маалымат берилип жатканын айтты.

"Тоого чыгып жатканда элге тоодон таш кулашы мүмкүндүгүн, алыс аралыкта болсо да түтүндөн уулануудан сактануу туурасында айтып, көрсөтмө берип, сактык иш-чараларын жүргүзүп жатабыз", — деди райондун акими. 

Ал өрт Ош-Бишкек жолунан алыс аралыкта, аска-тоолуу аймактарда жүрүп жаткандыгын, трасса менен ары-бери каттагандарга коркунуч жок экенин айтты. 

"Ош — Бишкек жолу Чычкан капчыгайынын эң этегинде болгондуктан, жүргүнчүлөргү коркунуч жаратпайт, ал эми өрт капчыгайдын төрүндө өтө катаал, аскалуу бийик жерде болуп жатат",- деди Сатымкулов. 

Аким капчыгайда спутник байланышы уюштурулганын, өрт өчүрүп жаткандар менен үзгүлтүксүз кабарлашып тургандыктарын кошумчалады.

ӨКМ Чычкан капчыгайындагы өрттү өчүрүү үчүн бүгүн аталган министрликтен, ИИМ жана Улуттук Гвардиядан 500 кызматкер тартылганын билдирген.

Өрт Токтогул районунун Жаңы-Жол айыл аймагындагы Чычкан капчыгайында 2015-жылдын 13-августунда саат 16:17 чамасында Ош — Бишкек унаа жолунун 251-253-чакырымдарында башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0