Токмоктук жаран кызганычтан улам кишини өлтүрүүгө аракеттенген

Жазылуу
ШИИБден 35 жаштагы шектелүүчү кайгылуу окуядан кийин өзүнө кол салып, бир нече ирет бычак урган деп билдиришти.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Токмоктун жашоочусу бирөөгө 12 ирет бычак сайган деп шектелип жатат деп билдиришти Чүй облустук ИИБдин маалымат кызматынан. 

Бычак кармаган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чырдаша кетип кыздарынын көзүнчө келинди бычактап өлтүргөн адам кармалды
Алардын айтымында, нөөмөт бөлүмүнө 18-августта кечки саат төрттөргө жакын аймактык ооруканага 12 ирет бычак жеген 37 жаштагы эркек кишинин түшкөндүгү маалымдалган.

Ал эс-учун жоготкон абалда жаткандыктан, суракка алганда мүмкүнчүлүк болгон жок. Бир аз убакыттан кийин эле кызганычтан улам, өзүнө бычак урду деген маалымат менен дагы бир киши ооруканага түшкөн. 

ШИИБден 35 жаштагы шектелүүчү кайгылуу окуядан кийин өзүнө кол салып, бир нече ирет бычак урган деп билдиришти.

Учурда тергөө иштери башталды.

 

 

Жаңылыктар түрмөгү
0