Сууга чөгүп кеткен эки адамдын бири табылып, экинчиси изделүүдө

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКаналдын жээги. Архив
Каналдын жээги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өткөн сутка аралыгында сууга чөккөн эки адамдын бирөөсү белгисиз бойдон калып, учурда аты-жөнү такталууда.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Ысык-Ата районунун Ново-Покровка айылындагы Чоң Чүй каналына 16 жаштагы Жаныбек уулу Азим чөгүп кеткенин ӨКМ билдирет. 

Бир күндө эки адам сууга чөгүп кетти
Маалыматка ылайык, кырсык 18-август күнү болжол менен саат 16.40та болгон. Чөгүп кеткен жаран Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын тургуну экени аныкталды. Издөө иштерине куткаруучулар тартылды, азырынча эч жыйынтык жок.

Ошол эле күнү Ош шаарынын Увам каналынан чөгүп кеткен 35-40 жаштагы азиялык улуттагы адамдын сөөгү табылган. 

Окуя болгон жерге келген куткаруучулар сөөктү Ак-Буура аймактык милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Учурда аты-жөнү такталууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0