Чырдаша кетип кыздарынын көзүнчө келинди бычактап өлтүргөн адам кармалды

Жазылуу
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери үйдүн сересинен көкүрөгүнө, колдоруна бычак жеген келиндин жансыз денесин табышкан. Сот-медициналык эксперттер аялга сегиз жолу бычак урулганын аныкташкан.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Жайыл районунда 38 жаштагы келинди мыкаачылык менен бычактап өлтүргөн адам кармалганын Ички иштер министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 18-августунда түнкү саат бир жарымда Жайыл РИИБге Николаевка айылынын тургунун белгисиз адам бычактап кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Адамдын колу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чым-Коргондо дарыланган жаран чоң энесин, эжесин өлтүрдү деп шектелүүдө
Окуя болгон жерге келген милиция кызматкерлери үйдүн сересинен көкүрөгүнө, колдоруна бычак жеген келиндин жансы денесин табышкан. Сот-медициналык эксперттер аялга сегиз жолу бычак урулганын аныкташкан.

Иликтөө иштеринин натыйжасында келин Кара-Кулжа районунан келип, эки айдан бери аталган дарек боюнча 8 жана 11 жаштагы эки кызы менен жашап жатканы ачыкталган. 

Кырсык болгон түнү келинге үч жыл бою чогуу жашап, эки ай мурун ажырашып кеткен жарандык күйөөсү кеип, ортолорунда чыр чыгып, мындан улам эркек кыздарынын көзүнчө келинди бычактап салган. Андан соң окуя болгон жерден из жашырып кеткен.

Бул боюнча Кылмыш жаза кодексинин 97-беренесинин (Адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иши козголду. Издөө иштеринин натыйжасында айыпталып жаткан жаран Кара-Балта шаарынын четиндеги талаадан кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0