Чычкандагы токойдо өрт өчүрүлө элек

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүӨКМ кызматкери өрт жеринде. Архив
ӨКМ кызматкери өрт жеринде. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрттү өчүрүүгө куткаруучулар, токой кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар болуп 40ка жакын киши тартылган.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Токтогул районунун Чычкан капчыгайындагы токойдо болжол менен 45 гектар чөп, дүмүрлөр түтөп жатканын ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, учурда өрт толугу менен өчө элек. 

Кырсык 13-августта болжол менен саат төрттөрдө башталган. Өрттү өчүрүүгө куткаруучулар, токой кызматкерлери жана жергиликтүү жашоочулар болуп 40ка жакын киши тартылган. 

Ушу тапта 46 куткаруучу нөөмөттө турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0