Жерлерди мыйзамсыз берип жүргөн атайын топ кармалды

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Башкы прокуратуранын имараты. Архив
Кыргызстандын Башкы прокуратуранын имараты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облусунун Ново-Павловка айылында 1300дөн ашык үй мыйзамсыз салынган.

БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Башкы прокуратуранын кызматкерлери Сокулук районунун Ново-Павловка айылында үй салуу боюнча олуттуу мыйзам бузууларды аныктаган.

Айыл чарбасы үчүн берилген жерге 519 үй  мыйзамсыз салынып, 852 үйдүн пайдубалы куюлган. Ошондой эле 45 кишиге менчик ээси деген күбөлүктөр берилген.

Чүйдө жер алдамчылыгы боюнча 72 кылмыш иши козголду
Прокуратуранын маалыматына ылайык, "Красная Заря" айыл чарба ассоциациясынын төрагасы райондук сот, адвокат, нотариус жана башка кишилер менен сүйлөшүп алып, 23 жалган мыйзамсыз чечимдерди чыгарган. Анын кесепетинен 403 гектар айдоо жери жеке менчикке берилип кеткен.

Ново-Павловка айыл аймагынын башчысы аталган факты боюнча укук коргоо органдарына арыз менен кайрылган. Бирок Сокулук РИИБдин тергөөчүсү кылмыш ишин козгоодон баш тарткан. Эмне себептен баш тартылганы тергөө учурунда аныкталат.

Жарандардын арыздарынөз учурунда карабагандыктан, жана маалында көзөмөл кылбагандыгы үчүн Сокулук районунун прокурору кызматынан алынды. Анын эки орун басары катуу дисциплинардык жазага тартылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0