15:35 17 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2447
  • EUR79.8190
  • RUB1.0962
Баңги зат. Архив

Тартип коргоо органдары баңги заттардын каналын токтотту

© Sputnik / Андрей Стенин
Окуялар
Кыскача шилтеме алуу
6 0 0

Алардан 8 килограмм кара куурай жана гашиш алынган.

БИШКЕК, 15-авг — Sputnik. ИИМдин Баңги заттар менен күрөшүү боюнча башкы башкармалыгы баңги заттарды алып келүүчү каналды жапты деп билдирди ИИМдин маалымат кызматы.

Алардын айтымында, Токтогул районунун Торкен айылында 14-августта күч түзүмдөрдүн кызматкерлери шектүү автоунааны кармаган. 

Анын ичин текшере келгенде арткы орундуктун алдынан 3,5 кг. гашиш табылган. Унааны Сокулук районунун 23 жаштагы тургуну башкарып бараткан. Анын жанындагы жүргүнчүнүн жанынан 20 грамм баңги зат табылган. Андан сырткары, дагы бир шериги кармалып, анын баштыгынан 4,5 килограмма каракуурай чыккан.

Кармалгандардын баары убактылуу кармоо жайына киргизилди. 

Аталган факты боюнча Токтогул РИИБдин тергөө бөлүмү Кылмыш жаза кодексинин 247-беренесинин негизинде кылмыш иши козгоп, тергөө иштери башталды.

Тема боюнча

Оштун Жапалагында милиция жапайы кара куурайды өрттөдү
Үйүндө кара куурай сактаган пенсионер кармалды
Белгилер:
гашиш, кара куурай, баңгизат, кылмыш
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ