Бишкектин тургуну көлдөн эки мылтык жана 54 ок таап алган

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүОк-дары. Архив
Ок-дары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куралды кантип таап алгандыгын ал киши Свердлов райондук Ички иштер башкармалыгынын тергөөчүлөрүнө айтып берди.

БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Бишкек шаарынын тургуну Ала-Арча суу сактагычынын аймагынан ИЖ-12 жана ТОЗ-Б үлгүсүндөгү мылтыктарды бир нече огу менен таап алган. Ал куралдар туурасында милиция кызматкерлерине маалымат бергенин ШИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Кармалган кишинин айтымында, ал таап алган куралдарды эч кандай жаман ою жок эле үйүнө катып койгон. Учурда бул боюнча соттук-баллистикалык экспертиза жүргүзүлүп, кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси каралып жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0