Алдамчы киши абитуриенттин апасын сызга отургузуп кете жаздады

Жазылуу
Баласын окууга өткөрүп берем деп 10 миң сом пара алган киши, акча колго тийгенден кийин кумга сиңген суудай жок болуп кеткен.

БИШКЕК, 14-авг — Sputnik. Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам иликтөө тобунун кызматкерлери абитуриенттин апасын сызга отургузуп кете жаздаган алдамчыны кармады. Бул туурасында ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Алардын маалыматында, 34 жаштагы киши акчаны алгандан кийин жок болуп кетип, аял айласы түгөнгөндө милицияга кайрылган. 

Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери алдамчыны кармап, убактылуу кармоо жайына киргизди. Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Аталган фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") боюнча иш козголду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0