Жалал-Абад облусунун үч тургуну 2 кг. героин менен кармалды

© пресс-служба МВД КРБишкек шаарында колго түшкөн эки килограмм менен Жалал-Абад облусунун үч тургуну.
Бишкек шаарында колго түшкөн эки килограмм менен Жалал-Абад облусунун үч тургуну. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандардын бирөө баңги заттарды транзит менен ташыган топтун мүчөсү экени аныкталган. Аталган топ баңги затты Тажикстан – Жалал-Абад (Кыргызстан) – Казакстан – Россия транзити аркылуу ташып келген.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Атайын жүргүзүлгөн операциянын жыйынтыгында Бишкек шаарынан эки килограмм баңги зат менен Жалал-Абад облусунун үч тургуну колго түшкөн. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди. 

Ыкчам иликтөө иш чаралары учурунда аныкталгандай, кармалгандардын бирөө баңги заттарды транзит менен ташыган топтун мүчөсү экени аныкталган. Аталган топ маңзатты Тажикстан – Жалал-Абад (Кыргызстан) – Казакстан – Россия транзити аркылуу ташып келген.

Аталган факты боюнча иликтөө иштери жүрүп, шектүүлөр убактылуу кармоо жайына камакка алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0