Таласта кара куурай өскөн талаа табылып, жок кылынды

© пресс-служба ГПС КРТалас облусунун Манас районундагы Мундуз-Сай капчыгайынан мыйзамсыз айдалган кара куурай талаасы.
Талас облусунун Манас районундагы Мундуз-Сай капчыгайынан мыйзамсыз айдалган кара куурай талаасы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыйналган кара куурайдын жалпы салмагы 1,8 тоннаны түздү. Чек ара кызматынан билдиришкендей, муну атайын өстүргөн болушу мүмкүн, анткени талаа сугарылып, жакшы каралган.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Талас облусунун Манас районундагы Мундуз-Сай капчыгайынан мыйзамсыз айдалган кара куурай талаасы табылганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Чек арачылар Баңги заттарды көзөмөлдөө кызматынын өкүлдөрү менен бирге 0,45 гектар жерге мыйзамсыз айдалган кара куурай талаасын табышкан.

"Чогултулган кара куурайдын жалпы салмагы 1,8 тоннаны түздү", — деп айтылат билдирүүдө.

Чабылган кара куурай орулуп жана өрттөлдү.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, кара куурайды кимдир бирөөлөр өстүргөн, себеби талаа абдан дыкат каралган. Учурда аны кимдер өстүргөнүн аныктоо үчүн аракеттер көрүлүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0