Бишкекте автоунаасына автомат жана 109 ок салып жүргөн киши кармалды

© пресс-служба УБОП ГУВД КРБишкектин тургунунун автоунаасынан табылган "АКМ" үлгүсүндөгү автомат жана анын октору.
Бишкектин тургунунун автоунаасынан табылган АКМ үлгүсүндөгү автомат жана анын октору. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Укук коргоо органынын кызматкерлери автоунааны текшере келгенде, номуру өчүрүлгөн автомат жана эки магазин, ага кошумча 109 ок табылган.

БИШКЕК, 13-авт. — Sputnik. Бишкектин борборунан Чүй облусунун 32 жаштагы тургунунун автоунаасынан АКМ үлгүсүндөгү автомат жана анын октору табылган. Бул туурасында ШИИБдин маалымат кызматы билдирди.

Акжолдон тапанча менен кирем деген казак жараны кармалды - Sputnik Кыргызстан
"Акжолдон" тапанча менен кирем деген казак жараны кармалды
ШИИБдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын иликтөө иштеринин натыйжасында, Лев Толстой жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинен бир нече огу менен АКМ үлгүсүндөгү автомат алып бараткан, мурда соттолгон киши кармалган. Орган кызматкерлери автоунааны текшере келгенде, арткы орундуктагы баштыктан номуру өчүрүлгөн автомат жана эки магазин, ага кошумча 109 ок табышкан.

Маалымат кызматы кармалган киши ШИИБдин убактылуу кармоо жайына киргизилгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0