"Акжолдон" тапанча менен кирем деген казак жараны кармалды

CC BY-SA 2.0 / houstondwiPhotos mp / Handcuffs and a Car"Акжолдон" тапанча менен кирем деген казак жараны кармалды
Акжолдон тапанча менен кирем деген казак жараны кармалды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин курал жана анын октору ээси менен кошо тартип коргоо органдарына тапшырылды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Кыргыз-казак чек арасындагы "Акжол" текшерип-өткөрүү жайынан кыргыз чек арачылары курал менен өтүп бараткан казак жаранын кармады.

Казакстан жараны айдап бараткан автоунаадан "WALTER P22T" үлгүсүндөгү асманга атып белги берүүчү тапанча жана октор табылган.

Ал тапанча менен Казактандан биздин республиканын аймагына кирүүгө аракет кылган. Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин курал жана анын октору ээси менен кошо тартип коргоо органдарына тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0