Талас – Тараз жолунда үч автоунаа кагышып, бир киши жаракат алды

© Sputnik / Юрий Лашов / Медиабанкка өтүүТез жардам автоунаасы. Архив
Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дүйшөмбү күнү үч жеңил унаа кагышып, бир киши каза болуп, сегиз жаран жаракат алды.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Талас – Тараз кан жолунда дүйшөмбү күнү түнкү саат 10:25тер чамасында үч жеңил автоунаа кагышып, бир киши каза болуп, сегиз жаран жаракат алганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгынын айынан 24 жаштагы жигит ооруканада каза болгон. Андан сырткары, сегиз киши түрдүү жаракат менен Талас райондук ооруканасына жеткирилген. Алардын баары Талас шаарынын тургундары.

Жаңылыктар түрмөгү
0