Кара-Кулжа дарыясына 13 жаштагы бала агып кетти

© flickr.com / Marcin ChadyДарыя. Архив
Дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар баланын сөөгүн суудан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп берген.

БИШКЕК, 11-авг. — Sputnik. Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы айылдан айланып агып өткөн "Кара-Кулжа" дарыясына 13 жаштагы Эрбол агып кеткен. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, баланын жансыз денесин суудан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0