Чуулгандуу видеонун каарманы кайрадан камакка алынды

© Болот ИбрагимовЧуулгандуу видеонун каарманы Адилет Жунусов. Архив
Чуулгандуу видеонун каарманы Адилет Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Июль айынын башында социалдык тармактарда ЖКК инспекторлору видеонун ээси Ибрагимовдун досунан пара талап кылып жатканы түшүрүлгөн видео жайгаштырылган.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Чуулгандуу видеонун каарманы Адилет Жунусов бир айга камакка алынганын УКМК билдирет.

Буга чейин аталган мекеме үстүбүздөгү жылдын 14-июлунда Жунусов менен ЖККнын эки кызматкери УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин кабарлаган. Андан кийин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Жунусов үй камагына чыгарылган.

Чуулгандуу видеого түшүрүлгөн инспекторлордун ишин Коррупцияга каршы кызмат карайт
УКМК тергөө учурунда Бишкек шаардык соту өз чечими менен Биринчи Май райондук сотунун чечимин жокко чыгарып, каарман кайрадан бир айга камакка алынды. 

Буга чейин Биринчи май райондук прокуратурасы соттун чечимин жокко чыгаруу боюнча доо арыз менен кайрылганы маалымдалган. 

Июль айынын башында социалдык тармактарда ЖКК инспекторлору видеонун ээси Ибрагимовдун досунан пара талап кылып жатканы түшүрүлгөн видео жайгаштырылган. Болжол менен жарым сааттан кийин инспекторлордун жанында турган эки адам камераны көргөндөн кийин чыр-чатак чыгарып, андан кийин машинанын артынан кууп жөнөшкөн. Натыйжада, алар кууп бараткан унаанын мамлекеттик номерлерин жулуп алышкан. Алар 7007 ВХ мамлекеттик номерлүү ак "Мерседес" унаасы менен жүрүшү мүмкүн деп айтылган. Ал эми ЖКК кызматкерлери видеодогу адамдарды тааныбай тургандыктарын билдиришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0