Чек арачылар бир тонна канадалык сосисканы өткөрбөй коюшту

© Sputnik / Владимир Песня / Медиабанкка өтүүСосискалар фабрикасы. Архив
Сосискалар фабрикасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баткен облусунун Канды аймагында Hyundai Porter унаасы менен КРден Өзбекстанга 100 коробка канадалык сосиска алып бара жаткан эки жаран кармалган. Жалпысынан 900 килограммдык жүк чек арадагы өткөрүү пунктуна киргизилген эмес.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Кыргызстандын чек арачылары Кыргызстандан Өзбекстанга карай чыгарылып бара жаткан контрабандалык жүктү аныкташканын аталган мекеме билдирет.

Фемиданын айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атыр аткезчилигине аралашкан аткаминерлердин иши сотко өттү
Маалыматка ылайык, 6-август күнү Баткен облусунун Канды аймагында Hyundai Porter унаасы менен КРнан Өзбекстанга 100 коробка канадалык сосиска алып бара жаткан эки жаран кармалган. Жалпысынан 900 килограммдык жүк чек арадагы өткөрүү пунктуна киргизилген эмес. 

Алдын ала маалымат боюнча, контрабандалык жүктүн жалпы баасы 200 миң сомдон ашат.

Тийиштүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар жана жүк Мамлекеттик бажы кызматынын аймактын бөлүмүнө өткөрүп берилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0