Түптө унаа кагылышы бир адамдын өмүрүн алып кетти

Жазылуу
Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамдын жансыз сөөгүн жана жабыркагандарды автоунаанын ичинен чыгарып беришкен. Жаракат алгандар Түп райондук ооруканасына жеткирилди.

БИШКЕК, 7-авг. — Sputnik. Ысык-Көлдө Түп районунда Каракол-Балыкчы автоунаа жолунун 35-чакырымында унаа кагылышынан бир адам каза болуп, дагы экөө жабыркаганын ӨКМ билдирет.

Маалыматка ылайык, 6-август күнү түштө болгон жол кырсыгында "Тойота-Раф-4" жана "Лексус" унаалары кагышкан. 

Окуя болгон жерге куткаруучулар барып, каза болгон адамдын жансыз сөөгүн жана жабыркагандарды автоунаанын ичинен чыгарып беришкен. Жаракат алгандар Түп райондук ооруканасына жеткирилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0